• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Мекендештер – 2023» форуму өтүп жатат

14 Жетинин айы 2023 9:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Мекендештер – 2023» форуму өтүүдө. Форумдун ишине Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, чет жакта жашаган мекендештер, көптөгөн уюм жана диаспоралардын өкүлдөрү катышууда.

Форум — өлкөнүн аймактарындагы социалдык, инфраструктуралык, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна мекендештердин потенциалын тартуу, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мекендеш инвесторлордун өз ара аракеттенүүсүн түзүү максатында өткөрүлүүдө.

  • Форумда:
  • Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулоо, инновациялык жана креативдүү идеяларды ишке ашыруу жана экономиканын жаңы деңгээлине өтүү;
  • Жаңы жумуш орундарын түзүү жана мекендеш-инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды уюштуруу сунуштарын жүзөгө ашыруу;
  • Чет өлкөдөгү мекендештердин Кыргызстан менен маданий-тарыхый байланыштарын колдоо боюнча сунуштары каралмакчы.
Количество просмотров: 90