• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Мекеним Кыргызстан» эмитеден эле жеңишти майрамдап баштады (видео)

4 Тогуздун айы 202022:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыктап, шайлоо тилкелери жабылып, учурда добуштардын болжолдуу жыйынтыгы айтылууда.

Ал арада «Мекеним Кыргызстан» партиясы жеңишке жеттик дешип майрамдап башташканы тууралуу видеолор интернетке тарады.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө пайдаланылган автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүп баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, шайлоого 3 млн 523 миң 554 шайлоочунун ичинен 1 млн 604 миң 562 адам катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 45,54 пайызын түзөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктары жарыяланып жатат.

Саат 22:20га карата жыйынтык:

«Биримдик» — 24,54%
«Мекеним Кыргызстан» — 23,91%
«Кыргызстан» — 8,74%
«Бүтүн Кыргызстан» — 7,09%
«Мекенчил» — 6,84%
«Республика» — 5,81%
«Ата Мекен» — 4,02%
«Ыйман нуру» — 3,35%
«Бир Бол» — 3,03%
«Чоң казат» — 2,33%
«Замандаш» — 2,15%
«Социал-демократтар» — 2,12%
«Реформа» — 1,64%
«Мекен ынтымагы» — 0,63%
«Ордо» — 0,22%
Афганчылар партиясы — 0,17%
Баарына каршы — 1,8%

Количество просмотров: 1062