• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Мекеним Кыргызстан» менен «Табылга» партиялары бирикти

15 Баш оона 2020 20:33 Бишкек Govori.TV

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров менен «Табылга» партиясынын лидери Туратбек Акимканов биргеликте иш алып баруу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Табылга» партиясы негизинен Ысык-Көл облусунун активисттери тарабынан негизделген.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат. Аталган саясий партиянын съезди 19-августта өтөт.

Эске салсак, кечээ жакында «Мекеним Кыргызстанга» «Бирик» партиясы да кошулган болчу.

Количество просмотров: 308