• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын тарыхын билесизби?

9 Аяк оона 2020 16:52 Бишкек Govori.TV

“Мекеним Кыргызстан” партиясы 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлүп, кыска аралыктын ичинде өзүн саясий аренада тааныта алды.

Тактап айтканда, 2016-жылы бир канча шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында ийгиликке жеткен. Шаардык кеңештерден мандатка ээ болгон депутаттар өз милдеттерин үзүрлүү аткарып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу ар кандай тармактарда жакшы жыйынтык көрсөтө алышты.

2020-жылдын 2-июнунда өткөн кезектеги съездде “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров шайланды. Төраганын орун басарлык кызматына Канатбек Азиздин талапкерлиги жактырылды.

Партиянын жаңыланган саясий кеңешинин курамына депутаттар Каныбек Иманалиев менен Марлен Маматалиевдер киришти. Бул башкаруучу органдын дасыккан, тажрыйбалуу саясатчылар менен толукталганынан кабар берет. Эки эл өкүлү тең парламенттин мүчөсү катары активдүүлүгүн көргөзүп, кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарын сактоого, элдин руханий азыктарын байытууга жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган көптөгөн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, аларды ишке ашыра алышты.

Алдыдагы шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаңыланган курам менен барууга белсенип турат. Мындан сырткары партия мүчөлөрү Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого ат салышат.

“Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер. “”Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Количество просмотров: 281