Бишкек.15.08.2018.Govori.TV.
Сауд Арабиянын Мекке шаарында ажылык сапарда жүргөн түркмөнстандык зыяратчылардын бири каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып жазды.
Бул Түркмөнстан эгемендүүлүк алгандан бери ажылык сапарда жүргөн түркмөн жараны каза болгондугу тууралуу маалымат элге жарыяланган алгачкы учур. «70 жаштагы мугалим Меккеге барган күндүн эртеси каза болду. Ал Дашөгүз облусунун Конеургенч шаарында жашачу. Карыя ошол эле күнү бешим намазынан кийин Меккеде жерге берилди», — деди басылманын булагы.