• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мектептерде медициналык кабинеттер ачылат

18 Жалган куран 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде медициналык кабинеттерди ачууну пландоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, учурда айрым окуучулар дары ичип же укол алууга шарт жок болгондуктан мектепке бара албай жатышат. Атайын кабинеттер ачылса кант диабети, талма илдети бар балдар мектепке коркпой бара алат. Мектептерге кабинет ачып, медайымдарды штатка алып иштетүү көп балдардын билим алуусуна шарт түзөт.

«2022-2023-окуу жылында ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачуу, жабдуу жана медайымдын ставкасын (0,25тен 1 ставкага чейин) киргизүү пландалууда, ошол эле учурда медициналык кабинеттерди жабдууга 386,7 млн сом көлөмүндө кошумча каржылоо зарыл. Жалпы билим берүү уюмдарында ачылган медициналык кабинеттердеги медициналык кызматкердин эмгек акысы 232,1 млн сомду түзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 75