• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мектептерде окуу 4-сентябрда башталат

23 Баш оона 2018 14:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV
“1-сентябрь  “билим күнүнө” карата окуучулар мектепке жөн гана салтанаттуу майрамдык линейкага  барышат. Ал эми сабактар 4-сентябрда башталат. Бул тууралуу маалыматты билим берүү министрлигинен тастыкташты.
Жаңы окуу жылында жумасына 5 күндүк окутуу киргизилгендигине байланыштуу республиканын бардык мектептеринде 1-сентябрда «Билим күнүнө» карата майрамдык линейка жана «Аймактарды өнүктүрүү жылы»  менен «Чыңгыз Айматовдун чыгармачылыгына» арналган класстык сааттар өтүлөт.
Билим берүү министрлигинен мугалимдерге 1-сентябрда класстык саат катары тиешелүү эмгек акы төлөнөрүн тастыкташты.

Мектептердеги иш-чаралар саат 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт.

Ал эми жеке менчик мектептер кааласа майрамдык салтанатты өткөрбөй коюуга укуктуу”,-деп билдирет мекемеден.
Количество просмотров: 20