• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Мелис Мырзакматов: Касиеттүү Орозо айт майрамына аман-эсен жетип келдик

4 Кулжа 201911:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

“Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын лидери  Мелис Мырзакматов жалпы мусулман журтчулугун  “Орозо айт” майрамы менен куттуктады. Ал өзүнүн каалоо тилектерин социалдык түйүндөгү баракчасына жайгаштырды.

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов өз куттуктоосунда, “Мына ушинтип, 30 күндүк ыйык Рамазан айы менен коштошуп, касиеттүү Орозо айт майрамына аман-эсен жетип келдик. Баардыгыңыздарды ушул ыйык Орозо айт майрамы менен жеке өзүмдүн жана партиябыздын саясый кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктайм!”-деп жазган.

Айрым маалыматтар боюнча Орусияда баш калкалап жүргөн саясатчы, “Орозо айт майрамы ар бирибизди кайрымдуу, кечиримдүү болууга, ынтымакчылыкка, соопчулук иштерди жасоого багыттайт. Момун мусулмандар үчүн эң маанилүү күндөрдүн бири болгон бул күн – маркум ата-бабаларыбыздын, жакындарыбыздын рухун эскерип, келечекке карай жакшы ниет кылууга шыктандыруучу күн. Орозо айт майрамы кылымдарды карыткан уюткулуу элибиздин уңгусун андан бетер бекемдеп, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат»-дейт.  

Ошондой эле ал, “Орозо айт күнү отуз күн бою туткан Орозоңуздарды, андагы максат-тилек, ибаадаттарыңыздарды, баардык аруу тилектериңиздерди Жараткан Алла Таала кабыл кылсын! Биз бүгүн Жараткандан баардык жакшылыктарды суранып-тиленебиз, арууланабыз. Ылайым мусулман бир туугандарыбыздын асыл-тилек, жаркын ой-максаттары ишке ашсын. Эли-журтубузда ар дайым ынтымак, ырыскы, береке жана биримдик орноп, Кыргызстаныбызды байгер турмуш байырлап, өлкөбүз гүлдөп өнүгө берсин. Жараткан баарыбызды ыйман, ырашкерликтен ажыратпасын! Ыйык күндүн ушул мүнөттөрүндө кылган жакшы тилек, ибаадаттарыбыз кабыл болсун! Улуу майрамды жакындарыбыз менен биргеликте жаркын маанайда өткөрүп, бири-бирибиздин өткөн-кеткен каталарыбызды, мурда-кийин пендечилик кылып билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди кечиришели. Колдоого муктаждарыбызга көмөк көргөзүп, көзү өткөн момун мусулман бир туугандарыбыздын рухтарына багыштап Куран окуп, Кудайдан жакшы тилектерди тиленели»-деп кошумчалаган.

Айта кетсек,  2013-жылдын 5-декабрында Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулган.

Мелис Мырзакматов Бишкекке эртең менен чакырылып, түшкө жуук премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев аны кызматтан бошоткон буйрукка кол койгон.

Количество просмотров: 65