• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мелис Турганбаев ардагерлер арасындагы жарым финалына чыкты

28 Аяк оона 2018 18:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.09.2018. Govori.TV.

Бүгүн Македониянын Скопье шаарында эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда Мелис Турганбаев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы билдирди.

Ага кыргыз өлкөсүнөн бүгүн килем үстүнө мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев чыгат. Турганбаев «Е» категориясынын 78 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Алгач ал орусиялык атаандашы Владислав Егоров менен таймашкан.  Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө Егоров 4:2 эсебинде утуп келе жаткан, бирок Тургунбаев атаандашын көтөрүп чаап таза жеңишке жеткен.
Айта кетсек, ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан 4 балбан катышууда.
Количество просмотров: 26