«Мен Бишкекти сүйөм» жасалгасын талкалаган адам 60 миң сом айып төлөдү
«Мен Бишкекти сүйөм» жасалгасын талкалаган адам 60 миң сом айып төлөдү
1 Бештин айы 20189:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.12.2018.Govori.TV.
Борбор калаадагы Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде орнотулган жасалганы талкалаган адамдын жакындары келтирилген чыгымды төлөп беришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалым болгондой, «Линдл» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан коюлган жасалганы кайра калыбына келтирүү үчүн 60 миң сом талап кылынган. Бул сумманы жасалганы талкалаган жарандын туугандары төлөп беришкен. Жакынкы күндөрү «Мен Бишкекти сүйөм» жасалгасы калыбына келтирилери айтылды.
Эске сала кетсек, аталган жасалга15-ноябрга караган түнү саат 2:00дө сынганы белгилүү болгон. Анын атайын талкалангандыгы аныкталып, Ленин РИИБинин аймактык тескөөчүсү 27 жаштагы М.у.Т. аттуу адамды кармаган.
Шаарбийлиги баш калаанын жашоочуларын муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле жасоого чакырат.