• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Мэрия «Ата Мекен» партиясы съезд өткөрөбүз деп жашыл газонду тебелегенин айтат (сүрөт)

18 Баш оона 202017:07 Бишкек Govori.TV

Жакында өткөн бир партиянын съездинде жашыл газон тебеленген, аны Бишкек жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери өстүрүп, кам көрүшчү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымат таратты.

«Иш чараны уюштурган “Сан Маркетинг” компаниясы LED-экранды так газондун үстүнө жана башка жашыл көчөттөргө жакын орнотушкан. Ал эми айрым техникалык аппаратура мемориалдык комплекстердин үстүнө орнотулган. Бул жорук боюнча шаардын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан каттоого алынын, тиешелүү жакка 13 миң сом айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, маалыматта айтылган даректе кечээ «Ата Мекен» партиясынын курултайы өткөн.

Количество просмотров: 300