Бишкек мэриясы шаардагы эпидемиологиялык абалдын курчуп кетишинин алдын алуу үчүн коомдук тамактануучу жай, кафе-ресторан жана тойканаларга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелерди бузган учурда Бузуулар жөнүндө кодекстин 150-беренеси (“Коомдук саламаттык сактоо тармагындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу”) жана 293-берене (“Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу”) менен териштирүү жүргүзүлөт. Ал эми экинчи жолу эреже бузганы аныкталса, Жазык кодексинин 280-беренеси (“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынат.
Мэрия шаардыктарды коомдук тамактануучу жайларда той, куран окутуу сыяктуу жапырт иш-чараларды өткөрбөөгө чакырды.