Москванын метросунда көз жарганы айтылган кыргызстандык келинден полиция кызматкерлери кабар алды. Бул тууралуу Россия ИИМинин Москва боюнча башкы башкармалыгы Facebook баракчасына сүрөт жарыялады.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери кыргыз келин төрөтканадан чыгып жатканда гүл көтөрүп барып абалын сурап кетишкен. Алар толгоосу башталган кыргызстандык келинге жардам берген полициянын улук сержанты Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов экени айтылат.
Эске салсак, 11-декабрда кыргызстандык кыздын метродо көз жарганы, аны полиция кызматкерлери төрөтүп алганы тууралуу маалыматтар тараган.