Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган «Росатом» ишканасынын унаасы кырсыкка учурады. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
Мекеменин маалыматына караганда, 2-сентябрда Миң-Куш айылында Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун 2-чакырымында Туюк-Суу уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан “HOWO” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен.
Кырсык болгон жерге Жумгал райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери тартылган.
“Ал эми автоунаа токтоп калган жерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, (дозиметр менен) калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган. Ошондой эле аталган унаа бузулгандыгына байланыштуу калдыктарды башка атайын машинага жүктөшүп, алып кетишкен. Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда”, — деп айтылат маалыматта.