• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Милиция кызматкерлери унаанын багажынан 4 жарым килограмм баңгизат табышты

25 Аяк оона 2018 10:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.09.2018.Govori.TV.
Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында рейд учурунда жол испекторлору тарабынан унаанын багажынан 4 жарым килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, тартип сакчылары «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу жана жүргүнчү шек жараткандыктан унааны текшерүүгө алышкан. Анда багажынан спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңгизат салынган спорттук баштык табылган.
1973-жылы туулган айдоочу жүргүнчү Кара-Балта шаарынын тургундары экени аныкталды. Алар баңгизатын өздөрү колдонуу үчүн чогултканын айтышкан.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 21