• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Милиционерлер толгоосу башталган келиндин төрөтүн унаада кабыл алышкан

18 Үчтүн айы 2021 12:15 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки инспектору төрөт үйүнө жетпей калган келиндин төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, прапорщик А.Качыгулов жана старшина Б.Кусеинов 15-январда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы стационардык постто кызмат өтөп жатышкан. Болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында аларга Урмат аттуу жаран чуркап барып, жардам сураган.

«Аталган жаран жубайын төрөт үйүнө алып бара жаткан. Бирок аялынын төрөтү башталып калган. Милиционерлер төрөттү унаада кабыл алууну чечишкен. Андан соң кызматтык унаа менен эне-баланы ооруканага жеткиришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Ымыркайдын ата-энеси инспекторлорго ыраазычылык билдиришкен. Ал эми милиционерлер төрөт үйүнө барып, үй-бүлөнү куттукташкан.

 

Количество просмотров: 325