Социалдык түйүндөрдө Бишкектеги коменданттык саат учурунда милициянын 4 кызматкери кармалгандыгы жана алар мас абалында болушкан деген видео жүктөлдү.
Алдын ала маалымат боюнча, Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери күзөт полкунун 2 кызматкерин жана Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн 2 кызматкерин колго түшүргөн.
Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан ырастады.
«Азыркы тапта кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. Ага ылайык, кошумча маалыматтар берилет», — деп билдиришти ИИМден.