• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Милиция: 40 миң доллар талап кылган блогер кармалды (видео)

3 Бугу 2023 12:29 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда опузалап акча талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга блогер У.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган С.А аттуу жаран 2023-жылдын апрель айынан бери массалык маалымат каражаттарына терс мазмундагы видеосун жарыялайм деп коркутуп келгенини айткан.

Маалыматта айтылгандай, видеону жарыялабоо үчүн блогер 40 миң доллар талап кылып, анын 37 миң 300 долларын алган.

«Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Блогер 2700 доллар алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Белгиленгендей, 33 жаштагы Б.У. коомдук тармактарда транспорт каражаттарын техникалык кароо чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөш боюнча материалдарды активдүү жарыялайт. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти башкармалыктан.

Кармалган жаран Улан Бекмуратов аттуу блогер экени жана ал буга чейин ИИМдин Патрулдук кызматынын кызматкерлеринин көзүнчө унаасын өрттөөгө аракет кылганы маалым болгону кошумчаланды.

Количество просмотров: 403