• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция активист Улан Үсөйүндүн аркасына эмнеге түштү?

18 Жалган куран 2021 16:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милициянын кайгуул кызматы жарандык активист, «Баштан башта» кыймылынын лидери Улан Үсөйүндү кармады. Бул тууралуу активист Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, кайгуул кызматы үйүнүн маңдайынан мас абалында унаа башкарды деген жүйө менен кармаган.

«Кечээ үйдүн алдынан күтүп туруп ушунча ГАИчилер алып кеткен. Ичтиңиз деп шылтоо тагышты. Алкогольго да, бангизат колдондуңуз деп да текшеришти. Эч нерсе чыккан жок. Ошо калганын шашпай жазармын. Жөн гана ГАИнин эки унаасы менен үй алдында күтүп туруштубу же болгону “совпадениеби” түшүнүксүз»,-деп жазган ал.

Маалыматты тактоо иретинде Милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда маалымат катчы Байказы Айтикул уулу төмөндөгүлөрдү билдирди.

«2021-жылдын 17-мартында болжол менен саат 00:20 чамасында Тыныстанов көчөсүнөн милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан “Лексус РХ 350” үлгүсундөгү авто унаа токтотулган. Текшерүү учурунда Ү.Ү аттуу айдоочу спирт ичимдигин ичкендиги шек жараткандыктан, наркология бөлүмүнө барып текшерүүгө алынган. Ал жактан айдоочу соо абалында экендиги аныкталган. Бирок айдоочунун жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгондуктан кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин 122-беренесинин негизинде авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген»,-деди маалымат катчы.

Количество просмотров: 277