• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Милиция бычак менен коркуткан адамга ок чыгарды (видео)

20 Аяк оона 2020 14:56 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда милиция кызматкерлери колунда бычагы бар кишиге эки жолу ок чыгарганы тартылган видео тарады. Анда бир адам күч кызматкерлерине бычак менен тап берип жатканын көрүүгө болот. Ошол маалда милициянын бири аны бутка аткан. Ок тийген-тийбегени белгисиз.

Көчөдөн өтүп бараткан адамдар колунда бычагы бар кишини артынан кармап, күч кызматкерлерине жардам беришкен.

https://www.facebook.com/100005323411869/posts/1458648697655897/

Милиция кызматкерлерине кол салган киши Бишкектин 51-жаштагы тургуну экени аныкталды. Чүй милициясы ал күч органдарынын бир кызматкеринин денесине бычак менен жаракат келтиргенин билдирди. Кармалган адам ооруканага жаткырылып, бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Количество просмотров: 228