• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Милиция: Интернеттеги кыздардын мушташы менен өлгөн келиндин видеосу эки башка окуя

7 Теке 2022 13:56 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга тарап жаткан эки кыздын мушташы жана ага кошумча тиркелген өлгөн келиндин видеосу эки башка окуя. Бул тууралуу Govori.TVга Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын инспектору Шеркул Турганбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, интернетке тараган тасманын биринде Сузак районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза болгон 39 жаштагы аял тартылган.

«Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын эжеси катуу ур-токмоктон улам каза болгонун жана жездесине карата чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси боюнча (“Адам өлтүрүү”) кылмыш иши козголгон. Арыз ээсинин айтымында, аялдын колунда, башында жана буттарында көк ала тактар болгон. Бул иш боюнча шектүү кармалып, ал өз көрсөтмөсүндө мас абалда болгонун жана аялын чаап салганын билдирген. Ал эртең менен аялынын жансыз денесин тапкан. Шектүү камакка алынып, учурда териштирүү уланууда»,-деди ал.

Ал эми жаш кыздардын мушташы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Окуя ушул жылдын 7-май күнү Жалал-Абад шаарында болгон. Видео боюнча материал Жалал-Абад ШИИБге катталып, милиция тарабынан алдын ала териштирүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу мушташып жаткан кыздардын аты-жөнү аныкталган. 2006 жана 2003-жылы туулган кыздар милицияга жеткирилген. Бирок бул эки кыз жакын курбу болгондуктан, жабырлануучу эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Натыйжада иш кыскартылган»,-деп кошумчалады Шеркул Турганбаев .

Количество просмотров: 3577