• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Милиция кармап кеткен укук коргоочуларга «Майда бейбаштык» беренеси боюнча айып коюлуп жатат

17 Жалган куран 2022 19:03 Бишкек Govori.TV

Бизге «Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө» жана «Майда бейбаштык» беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Бул тууралуу укук коргоочу билдирди.

Абдирасулова эмне себептен тыюу салынганына карабай митингге чыкканын түшүндүрүп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Бүгүн эртең менен Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына Украинадагы операцияга каршы акцияга чыкканбыз. Пикет боюнча алдын ала айтылган. Башында өзүм жалгыз чыккам. Кийин Өндүрүш Токтонасыров менен жана Динара Ошурахунова келди. Бизге 18 күч кызматкери келип, Биринчи май РИИБине алып кетишти. «Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө» жана «Майда бейбаштык» беренеси боюнча айып коюп жатышат»,-деди ал.

Количество просмотров: 250