Бишкекте милиция кызматкерлери өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аялды сактап калышты. Бул тууралуу Ички Иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
19-августта саат 22:14тө Бишкектин Тыныстанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн балконунан секирүүгө аракет кылып жаткан аял тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери Усманов Медер, Базарбай уулу Нуржигит жана Эрназаров Тынчтык ошол замат айтылган дарекке барышкан. Алардын аракети менен адамдын өмүрү сакталып калды. Тагыраагы, Бишкек шаарынын 1991-жылы туулган тургуну К.Г. куткарылган.
