• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Милиция Мирланбек Маратбек уулунун иши боюнча маалымат берди

15 Баш оона 202419:59 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Мирланбек Маратбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы анын Чүй облусундагы үйүн тинтүү Каракол шаардык сотунун токтомунун жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында болгонун, Мирланбек Маратбек уулунун бийликке айткан сын-пикирине тиешеси жок экенин кошумчалады.

“Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн биз бул кылмыш иши боюнча толук маалыматты ачыктай албайбыз. Бирок, тергөө амалдарынын алкагында жасалган иш-аракеттер укуктук гана мүнөзгө ээ жана объективдүү чындыкты орнотууга багытталган деп ишендире алабыз. Тергөө амалдарынын бардык маанилүү аспектилери мүмкүн болгондон кийин, расмий маалыматтын алкагында билдирилет. Андыктан, ишенимдүү жана расмий маалыматтарга гана ишенүүнү суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.

15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алган.

Милиция кызматкерлеринин анын үйүн тинтүү учурун Мирланбек Маратбек уулу Фейсбуктагы баракчасына түз эфирде көрсөткөн. Анда өздөрүн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү деп тааныштырган адамдар текшерүүгө Каракол шаардык соту токтом чыгарып бергенин айтып, ал токтомду көрсөтүшкөн.

Мирланбек Маратбек уулу мыйзамга каршы эч кандай иштерди кылбаганын жана үйүндө тыюу салынган буюм-тайым, материалдар жок экенин айткан.

Социалдык тармакта Мирландын телефону өчүк, чындыкты айткан кишини эле камай бересиңерби деген посттор жазылууда.

Теги:
Количество просмотров: 188