• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Милициянын кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жарандарды кармады

27 Чын куран 2021 10:34 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 26-апрелинде болжол менен саат 21:45 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Кызыл-Кийская жана Василиева көчөлөрүнүн кесилишинен жол белгилерин уурдап жатат деген маалымат келип тушкөн. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

«Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган Б.А. аттуу жаран белгисиз жарандар жол жээгиндеги жол белгилерин уурдап жаткандыгын кабарлаган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган Д.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А. ошондой эле 2005-жылы туулган О.М. аттуу жарандарды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 126