• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин Акаев менен чай үстүндө отурган сүрөтү жарыяланды

5 Баш оона 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Аскар Акаев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев экөөнүн дасторкон үстүндө отурган сүрөтү жарыяланды.

Интернет айдыңында министр менен мурдагы президенттин аталган сүрөтү кызуу талкууга жем таштады.

Эске салсак, Акаев 2-августта Кыргызстанга келген жана атайын кызматка Кумтөргө байланыштуу сурак бере баштаган. Ал Кыргызстанда бир апта болорун, президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын айтып, өлкө бийлигине жылуу мамиле үчүн ыраазычылык билдирген.

Кыргызстанды ал 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келген эмес.

Количество просмотров: 773