• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Министр Бейшеналиев УКМК кызматкерлери тарабынан суракка алынганын билдирди

16 Бугу 2022 12:56 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берди. Бул тууралуу ал өзү 24.kg агенттигине билдирген.

Маалыматка ылайык, буга Ысык-Көл облусундагы саламаттыкты сактоо координаторунун пара алганы себеп болгон. Бирок, Алымкадыр Бейшеналиев каражат медайымдардын күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогулганын айткан.

«Эгер мен иш-чараларды өткөрсөм, ал дайыма өз деңгээлинде болот. Майрамды Барскоон айылында өткөрүү чечими кабыл алынды. Айыл тургундары ал жерге төрөт үйүн ачууну суранышкан. Мурда бар болчу, кийин субъективдүү себептерден улам жабылып калган. 11-майда иш-чара өткөрөөрүмдү билип, Жети-Өгүз райондук УКМКнын кызматкерлери келип, саламаттыкты сактоо боюнча координатордон, «акча чогултуп жатасыңарбы?» деп сурашкан. Алар жооп кайтарып, корпоративдик кечеге каражат чогултуп жатканын, жетпей калган акчаны министр төлөп берерин кошумчалашкан. 130 миң сомго жылкы сатып алып, музыканттарды жалдагам. Бирок УКМК кызматкерлери акчаны алып кетти. Ошентип, Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору менен бирге менин орун басарымдын катчысы болгон кеңешчини да кармап кетишти. Ал мага «Алтын балалык» менен жардам берет», — деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев камакка алуу учурунда ал иш-чарада болгонун жана кармалган кызматкерлер коркутууларга кабылганын билдирген.

«Мен кеңешчини үйгө алып бардым, ата-энесине тапшырдым. УКМК мени кеңешчини катып койду деп ойлоп, аңдып киришти. Алар эки унаа, беш кызматкер менен келишти. Ал күнү Германияга учуп баратканымды баары билишчү. Анан мен дагы тосмодон өтүп, такси кармап, аэропортко жетип, каттоодон өттүм, алар мени токтотушту. Окуя кандай болгонун баарын айтып бердим. Мага кеңешчини алып келбегендиктен кыйынчылыктар болот деп айтышты. Мен эмне керек болсом, ошону кылдым», — деди ал.

Количество просмотров: 654