• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Министр Иманов паспорт мафиясы боюнча жаңы жагдайларды айтты

24 Бугу 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү министри буга чейин айтып чыккан паспорт мафиясы боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу видео кайрылуу жасады.

Министрдин айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталган.

“Паспорт мафиясына байланыштуу менин арызым боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн убактылуу жыйынтыгын сиздерге маалымат бергим келет. Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды: Өзгөн районунда 1667 ID паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорттор жоголгон. Кылмыш ишинин алкагында Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адисине кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысын кызматынан бошотулду. Департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланды»,-деди ал.

Эске салсак, министр Талант Иманов буга чейин паспорт мафиясы тамыр жайып кеткендиктен, Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) департаментине чукул реформа керек экенин айтып чыккан.

Количество просмотров: 204