• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Санариптик өнүктүрүү министри «Паспорт мафиясы» жөнүндө айтып чыкты

26 Чын куран 2022 9:54 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жасап, «паспорт мафиясы» менен күрөшүп жатканынын айтты.

Анын айтымында, Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) департаментине реформа керек.

«Министрликте көптөгөн көйгөй бар. Алардын эң эле орчундуусу, тез арада жоюу зарыл болгону — «паспорт мафиясы». Ал абдан жакшы уюштурулган, 24 саат тынымсыз тынымсыз иштеп жатат, тамырын терең жайып алган. «Паспорт мафиясы» мамлекетке милллиарддаган сом зыян келтирет. Андыктан бул тармакты кайра карап чыгуу керек», — деди ал.

Количество просмотров: 217