• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жумабеков: Иманов паспорт мафиясы боюнча ЖКда баяндама жасасын

24 Бугу 2022 11:39 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов паспорт мафиясы боюнча Жогорку Кеңеште баяндама жасасын. Бул тууралуу депутат Дастан Жумабеков бүгүн, 24-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет жыйынында билдирди.

«Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов Фейсбук баракчасы аркылуу 2 жолу кайрылуу жасады. Иманов паспорт мафиясы күчөгөнүн айтып, жардам сурагандай болду. Демек, Жогорку Кеңешке дагы тиешелүү. Көңүл бурбай койсок туура болбойт. Эмне үчүн мындай кайрылуу жасады? Күн тартибине ушул маселени киргизүү менен убакыт болсо министрдин өзүн чакырып маалыматын уксак. Анын күчү жетпей жатса жардам берели. Бул өтө орчундуу маселе. Парламенттин жалпы жыйынына алып чыгалы»,-деди Жумабеков.

Эске салсак, министр Талант Иманов учурда «паспорт мафиясы» менен күрөшүп жатканын, ал тамыр жайып кеткендиктен, Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) департаментине чукул реформа керек экенин айтып чыккан.

Количество просмотров: 107