Бишкекте дагы бир Жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.
«Долбоорду иштеп чыгуу былтыр күздө башталган, азыркы учурда кол коюу алдында турат. «Айыл чарба машина куруу заводу» деген бар. Ошону дагы бир ЖЭБ кылалы деп жатабыз. Ал болжол менен 100 МВт электр жана 200-300 МВт жылуулук кубаттуулукта болот. ЖЭБ борбор калаанын батыш тарабындагы жылуулук алган керектөөчүлөрдү камсыздайт», — деди ал.