• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министрлер кабинетинин 3000ге жакын чечими өз күчүн жоготту

28 Бирдин айы 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин 1991-жылдан 2021-жылга чейин кабыл алынган 2858 чечими өз күчүн жоготту. Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү токтом Министрлер кабинетинин 1991-жылдан 2021-жылга чейинки актыларын инвентаризациялоонун алкагында, ошондой эле Министрлер кабинетинин мыйзам алдындагы актыларынын массивдерин актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы боюнча, Юстиция министрлиги 1991-2021-жылдар аралыгында кабыл алынган Министрлер кабинетинин актыларынын актуалдуулугу боюнча талдоо жүргүзгөн.

Аталган иштердин жыйынтыгы боюнча жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келбегендигине, актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу күчүн жоготту деп таанууну талап кылган бир катар актылар аныкталган.

Количество просмотров: 1185