• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Министрлер кабинетинин алдында Инвестициялык кеңеш түзүлдү

20 Бугу 2022 12:42 Бишкек Govori.TV

Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин базасында министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Мындай чечим бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн коргоо жана колдоо механизмдерин, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдө кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында кабыл алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Количество просмотров: 93