• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Машыгууда чыр чыгып, оюнчунун жаагы сынган. Мирбек Ахматалиев футболдон 5 жылга четтетилди

26 Баш оона 202415:26 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Селмаш» стадионунда чет элдик футболчусу жаракат алган, тагыраагы жаагы сынган. Окуянын себепчиси «Мурас Юнайтед» клубунун оюнчусу Мирбек Ахматалиев болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Окуядан улам аталган клубдун машыктыруучулар штабы жана спорт директору кызматынан бошотулду.

Маалыматта, 15-августта Бишкектеги «Сельмаш» стадионунда команданын машыгуусун өткөрүп жаткан учурда клубдун оюнчулары катышкан чатак болгону, жыйынтыгында клубдун чет элдик оюнчусу (легионери) Евгений Терзи жаракат алып, жаагы сынган. Буга себепкер клубдун оюнчусу Мирбек Ахматалиев болуп чыкты, аны менен иштешүү токтотулганы айтылат.

22-августта Кыргыз футбол биримдигинин тартип комитетинин отуруму болуп, анда Мирбек Ахматалиевди футболго тиешелүү бардык ишмердүүлүктөн 5 жылга чететтүү чечимин кабыл алды.

Кыргыз футбол биримдиги агрессия жана зордук-зомбулук көрсөткөн терс аракеттерди айыптай турганы белгиленген.

Мындан көп өтпөй Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камакка алыны маалымдалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Соттун маалыматы боюнча, спортчуну камакка алуу өтүнүчүн судьяга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренеси менен айып тагылууда.

Количество просмотров: 215