Мирбек Мияров Чүй облусуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Мияров Мирбек Ибаратович 1984-жылы 2-декабрда Бишкек шаарында туулган. 1992-2001 Бишкек шаарынын А.Осмонов атындагы №68 мектеп – гимназиясында билим алган. 2001-2006 Кыргызстан Эл Аралык Университетинин алдындагы Политехникалык колледжин, 2006-2010 И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетин аяктаган.
Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Мирбек Мияров «Ордо» саясий партиясын баштап барган.