• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мирлан Самыйкожо: Өз кызыкчылыгымды көздөп ыплас оюнга аралашкым келген жок

6 Жалган куран 2019 14:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.

Мирлан Самыйкожо КТРКнын директорлугуна болгон шайлоодон талапкерлигин алды. Бул тууралуу ал өзү фейсбук баракчасына жазды.

«Менин талапкерлигимди алуумдун максаты алдыдагы шайлоону жокко чыгарбоо үчүн болду. Биз, ар-бирибиз кол жеткен жерден эле ишти кыйрата берсек кандай болот?!..антип атып эмнеге жетиштик! Өз кызыкчылыгымды көздөп ыпылас оюнга аралашкым келген жок. Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн ар бирибиз жоопкербиз деп түшүнөм. Мамлекеттин бүтүндүгү бизге эле эмес төрөлө элек келечекке да керек. А мамлекетти ЭЛ түзөт. КТРК коомго туура багыт берүүгө милдеттүү. Мен, КТРКнын Байкоочуу кеңешине ынтымак каалайм. Бөлүнүп-жарылуу менен эч бир максат таза болбойт! Ар бириңиздерди терең ойлонуп, бир муштумдай пикирге келип акыйкат чечим чыгарууга чакырам!»,-деп жазган Самыйкожо.

Урматтуу, улуулукту жана актыйкатты туу туткан санаалаштарым, тилектештерим! Алгач баарыңарга рахмат айтуу менен сөз…

Опубликовано Мирлан Самыйкожо Вторник, 5 марта 2019 г.

Бүгүн КТРКнын директорун шайлоо, саат 15:00дө болот. Анда 8 талапкер ат салышмак. Алар: Ибраим Нуракун уулу, Жайнак Үсөн уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев.

Количество просмотров: 21