• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мирзиеевдин кызы кызматка келди

24 Бештин айы 2017 11:27 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже кызы Шахноза Умарова Мектепке чейинки билим берүү министрлигине жооптуу кызматка дайындалды.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы президенттин үй-бүлөсүнө жакын булакка жана жогорку даражалуу чиновниктердин бирине шилтеме берүү менен жазды.

Министрликтин аты-жөнүн айтпаган кызматкери да бул маалыматты ырастап, 31 жаштагы Шахноза Умарова мектепке чейинки билим берүү системасын реформалоого жооптуу болуп дайындалганын маалымдады.

18-декабрда Шавкат Мирзиёев өткөргөн селектордук жыйында Шахноза Умарова мектепке чейин билим берүү министри Агриппина Шиндин жанында отурган.

Министрлик быйыл 30-сентябрда өзбек президентинин жарлыгы менен түзүлгөн.

Количество просмотров: 5