• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мирзиёевдин кыздары Полина Гагаринанын ырын созду

3 Тогуздун айы 201916:00 Бишкек Govori.TV

1-октябрда Ташкенттеги Humo муз сарайында орусиялык ырчы Полина Гагаринанын концерти өтүп, ага он миңдей көрүүчү келди.

Социалдык түйүн колдонуучулары концерттин өзүн эмес, андан кийин уюштурулган банкетти кызуу талкууга алышты.

Банкет учурунда тартылып алынган видеожазууда Гагарина менен бирге өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кыздары – Саида жана Шахноза «Обезоружена» ырын хор менен ырдаганын көрүүгө болот. Банкет Humo сарайынын VIP-залдарынын биринде өткөн.

https://www.facebook.com/ozodlikradiosi/videos/963337227343603/?v=963337227343603

Саида Мирзиёева – өзбек өкмөтүнүн башкы имиджмейкери, Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басары.

Президенттин кичүү кызы Шахноза Мирзиёева – Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин башкы башкармалыгынын башчысы.

Орусиялык ычынын концертине «Капиталбанк» демөөрчүлүк кылган.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын өкмөттөгү өз булактары билдиргендей, «Капиталбанк» коммерциялык банкынын акцияларынын көбү Мирзиёевдин тун күйөө баласы Ойбек Турсуновго таандык.

Булак: https://www.centralasian.org

Количество просмотров: 649