Бишкек.08.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 8-июнда, Бишкекте Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы «Коррупция менен чыныгы күрөш үчүн» аттуу митинги өтүүдө.
Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, адвокаттар, абактагы саясатчылардын тарапташтары жана партиянын активдүү колдоочулары катышууда.
Айта кетсек, бүгүнкү иш-чарага жер-жерлерден өкүлдөр келишти. Сөзгө чыккандар алдын ала биринчи жол эл алдына сүйлөп жаткандарын эскертишип, ыңгайсыз болуп жатышкандары айтып жатышты.
Жалал-Абаддан келген өкүл Салайдин Авазов туурасында айтса, Ысык-Көлдөн келген апа Атамбаевдин жансакчысы Мусакеевдин мыйзамсыз камалганын айтып көз жашын төктү. Ал эми Бишкек шаарынын атынан чыккан өкүл шаардын экс-мэри Кулматовдун камалышы мыйзам бузуу дейт. Кочкордон келген өкүл акчалуунун заманы болуп калганын жар салды. Ошондой эле Кочкор району Жээнбековго шайлоодо чоң жардам көрсөткөнүн эске салды.
Ал эми, юрист Нурбек Токтакунов «Коррупция менен күрөш прокурор жана соттордон башталыш керек»-деген оюн ортого салды.