Бишкекте Жогорку сотто “Кыргызстан” партиясынын иши каралып жатат. Соттун имаратынын алдына аталган партиянын тарапташтары чогулду.
Анда “Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал чыкты. Милиция партиянын каршылаштары менен тарапташтарын бөлүп алды.
Депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев тарапташтарына кайрылып, эмне үчүн келгендигин сурай баштаган. “Кыргызстандын” өкүлдөрү андан кетүүнү суранганда, Токтогазиев баш тарткан. Натыйжада, чырлуу окуяга милиция кийлигишкен. Укук коргоо органдары талапкерге тартип үчүн жооптуу экендигин, ал эми акциянын катышуучулары чагым уюштурбашы керектигин түшүндүрүштү.
Белгилей кетсек, бүгүн КР Жогорку Сотунун соттук коллегиясы БШКнын биринчи инстанциянын чечимине карата саясий бирикменин пайдасына берген арызын карашы керек.