Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат тарабынан Чүй облусунун 1981-жылы туулган жашоочусу Т.А. WhatsApp мессенжери жана социалдык тармактар аркылуу 1-июлда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында азыркы бийликти күч менен басып алууга багытталган митингге катышууга чакырык жасаган 9 мүнөттүк аудио билдирүү таратканы аныкталды. Бул факт Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«Андан сырткары «Чоң Казат» тобунун катышуучусу, учурда Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 1988-жылы туулган тургуну М.Т. WhatsApp мессенжери аркылуу «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу» аталышындагы чакырыкты аудио жазуу түрүндө тараткан. Бул факт да Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги эскертет, атайлап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.