• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Молдалиев: Афганистандан коркунуч келеби дебей, өзүбүздө «Талибан» пайда болбойбу дегенди ойлонсок туура болот

17 Баш оона 2021 18:02 Бишкек Govori.TV

Ооганстандагы акыркы окуялар тууралу саясатчылар, эксперттер өз пикирлери менен байма-бай пикирлери менен бөлүшүшүүдө. Коопсуздук маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиев да өз пикирин ортого салып, Афганистан тараптан бизге коркунуч келеби деп суроо сала бербей, биздин өзүбүздө «талибан» пайда болбойбу дегенди ойлонсок туура болоорун айтат.

Молдалиев “Талибандын” бийликке келиши Орто Азияга терс таасирин тийгизет деген пикирде.

«Афганистан тараптан бизге коркунуч келеби деп суроо сала бербей, биздин өзүбүздө «Талибан» пайда болбойбу дегенди ойлонсок туура болот. Талибан кандай пайда болду эле? Талибан деген баягы даярдыктан өтүп, анан советтик армияга каршы даярдалган күчтөр болчу. Афганистанга келгиле анан силер жарандык согуш кылгыла деген маселе жок болчу ал кезде. Кийин аны башка күчтөр пайдаланып кетти, мына азыркы абалдагыдай болуп. Бен Ладен келди каржылап, тигил жакка кол салып, анан канча жылдан бери элдин трагедиясына айланды…

Ошондуктан биз азыр эмнени изилдешибиз керек, биздин ичибизде диний биримдик барбы? Бизде турдүү топтор бар, экстремистик боло элек, бирок террористтик топторду түзө коюу бат эле. Андыктан азыркы учурда дал ушул жакка көңүл буруу керек», — деп эсептейт ал.

Эске салсак, кыргыз бийлиги Ооганстандагы чукул өзгөргөн кырдаалга кылдат жана астейдил көз салып жатканын маалымдады. Өлкө башчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Садыр Жапаров ал жактагы кырдаалды байкап турганы айтылат.

Ал арада Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат үчүн: «Талибан» Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Количество просмотров: 494