Кумтөр кенинде алтындын запасы бери дегенде 10 жылга жетет. Бул тууралу Кумтөр кенинин директору Кубаныч Молдобеков билдирди.
Анын айтымында, бул жылга карата баалуу металл өндүрүүнү 15 пайызга көтөрүү пландалган.
«Учурда тоо-кен иштери бир катар долбоорлордун негизинде, макулдашылган пландардын негизинде иштелип жатат. Былтыркы өндүрүштүк көрсөткүчтөр толугу менен аткарылды. Алтын жагынан 3 пайызга көбүрөөк чыгардык. Быйылкы жылдагы коюлган максаттар дагы абдан чоң. Биздин тоо-кен иштери 10 жылга чейин жетет», -дейт Молдобеков.