• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Молдогазиев ICMPD Башкы директору менен жолугуп, мигранттардын маселесин талкуулады

6 Жалган куран 202413:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-мартта Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борборунун (ICMPD) Башкы директору Микаэль Шпинделлегер менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар миграция тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Молдогазиев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле тараптар мындар аркы иш пландарын талкуулап, туруктуу байланышта болууну макулдашышты.

Количество просмотров: 91