• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Молдованын экс-президенти камакка алынды

24 Бугу 2022 14:46 Бишкек Govori.TV

Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон 72 саатка камакка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Марианна Керпек билдирди.

Маалыматка караганда, Додон “Пассивдүү коррупция”, “Кылмыштуу уюмдан саясий партияга каражат алуу”, “Мыйзамсыз баюу” жана “Мамлекеттик чыккынчылык” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

«Игорь Додонго тиешелүү үй жана айрым жайлар тинтүүгө алынып, жалпысынан 12 жайда тинтүү иштери жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери уланууда», — деп билдирген Керпек.

Белгилей кетсек, Социалисттер партиясын жетектеген Додон мамлекет башында 2016-2020-жылдары турган.

Количество просмотров: 306