• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Момбеков энергетика жана өнөр жай министри кызматына сунушталып жаткан Турдубаевди сынга алды

3 Бирдин айы 2021 12:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралууда.

Анын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков Улукбек Мариповго кайрылып, энергетика жана өнөр жай министри кызматына сунушталып жаткан Кубанычбек Турдубаевди сынга алды.

«Жоопкерчиликти жогорку киши алсын, сиз тобокелчиликти алыңыз. Менде сиздин өкмөттүн курагына маселе жок, курамына маселе бар. Айтыңызчы, энергетика министрин сизге ким сунуштады? Бул киши Темир Сариев премьер-министр болуп турганда кеңешчи болгон. Энергетика министрлигин жоюп жиберип, холдингди алып келген. Холдингдин эртеңки маселеси кандай болот? Эми өлкөнү 137 млрд сомго карыз кылган, «Чыгыш электродо» иштеген, «Түндүк электродо» орун басар болгон, министр болгон, эч натыйжа болбой, холдингди алып келип, 5 жыл эксперимент кылды. Сиз билбесеңиз, мен айтып коеюн. Мурда Энергетика министрлигинде 73 киши иштечү, бир жылда 23 млн сом кетчү. Азыр 40 киши иштейт, 50 млн сом кетет. Эмне кереги бар эле?», — деди депутат.

Количество просмотров: 348