• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Момбеков: ИИМ ишкерге иштеген мекеме болуп калды

13 Үчтүн айы 2020 17:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ИИМдин жетекчилигин Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун сабалышы боюнча иликтөө ишиндеги шалаакылыгы үчүн сынга алды.

Анын айтымында, ИИМ ишкерге иштеген мекеме болуп калды.

«Таң калганым Ички иштер министрлиги Болот Темировду сабап кеткенден кийин «Карактоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоптур. Ал эми журналист өзүнүн ур-токмокко алынышын кесибине байланыштырып, ачык билдирүү таратып жатат. 2010-жылы 3-мартта Сыргак Абдылдаевди дагы чаламандын чак түшүндө сабап кетишкен. Ошондо дагы ИИМ «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми Медет Садыркулов каза тапканда катардагы жол кырсыгы делип иш козголгон. Кийин иликтөөлөрдүн негизинде баардыгы ачыкка чыкты. Азыр деле ошого окшош факты болуп жатат. Эң негизгиси ИИМдин тергөө кызматынын жетекчиси шектелип жаткандардын кудасы болуп жатпайбы. Анан кантип актыкты күтсө болот»,-деди Момбеков.

Эске салсак, Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго 3 белгисиз жаран кол салып, ур-тепкиге алышкан. Алар журналисттин уюлдук телефонун алып качып кетишкен. Дарыгерлердин айтымында, Болот Темировдун баш мээси чайкалып, жаракат алган.

Количество просмотров: 154