• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Момбеков: Венециялык комиссия азыркы 6-чакырылышты «никтосуңар» деди

9 Бештин айы 2020 12:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Баш мыйзам өзгөргөнү менен элдин жашоосу өзгөрбөй турганын айтты.

«Мыйзамдын автору, сиз айтып жатпайсызбы мыйзам жолу менен кетип бара жатабыз депчи. Бул мыйзамдын автору ким экенин жакшы билебиз да. Качан, кайсы жерден капталдан чыга калганын жакшы билебиз да. Эми бирөөнүн таштап кеткен аялын боентуп-соентуп тойго ээрчитип алып, бул менин аялым десе, эл ишенеби? Эч ким ишенбейт да. Бул мыйзамга корутундуну эми берип жатат. Басым менен кабыл алынган, бачым кабыл алынган мыйзам мойнунан байланган иттке эле окшош да. Эми биз бардык мыйзамды буздук. Какшып калган кадырыбызды кайтыш кылып кабырга салып жатпайбызбы. Банкрот болгон баркыбызды балталап жокко чыгарып жатпайбызбы. Баш мыйзам алмашкандан элдин жашоосу алмашпайт. Бай-манаптардын эле жашоосу алмашат. Байкуштардын жашоосу алмашпайт. Баш мыйзам алмашканда эл 2 сом да пайда көрбөйт. Элита көрөт. Мына ушул жолго алып бара жатпайсыңарбы. Заказной деп айтып жатасыңар, Венециялык комиссия заказнойбу? Венециялык комиссия азыркы 6-чакырылыш, силердин мөөнөтүңөр да жок, дөөлөтүңөр да жок, никтосуңар деди. Анда биз эмне үчүн Венециялык комиссиянын корутундусун эске албайбыз. Эмне үчүн шашабыз? Биз бир эле Жапаровдун сөзүн укпайлыбы же экинчи Жапаровдун сөзүн уга беребизби? Бул элдин талабы эмес да. Элге адилеттүү бийлик керек, акылдуу парламент керек», — деди Момбеков.

Эске салсак, бүгүн, 9-декабрда жалпы жыйында Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуда жактырды.

Количество просмотров: 310