• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Монголиянын парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди

26 Бирдин айы 2024 16:56 Бишкек Govori.TV

Монголиянын парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, делегация Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Монголия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Улан Бакасов тосуп алды.

Расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Количество просмотров: 75