Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмасына ылайык, КР Ун комбинаттары ассоциациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте унду тегирмендердин баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду. Жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 кг баасы 30 сомдон ашпайт.
Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:
Бишкек шаарындагы ун жарманкесинде ата мекендик ундардын баалары:
Экономика жана коммерция министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1500 сом деп бекитти.
Экономика инистрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республика боюнча социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларына апта сайын талдоо-мониторинг жүргүзөт. Анын ичинде 1-2 сорттогу ун бааларынын облустардагы орточо баалары төмөндөгүдөй:
Ош шаарында:
-1сорт 50кг 1700-1900 сом;
Ош облусу боюнча:
Баткенде:
Нарында:
Жалал-Абад шаарында:
Каракол шаарында:
Таласта:
Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушев учурда ата мекендик ундун 1 мүшөгү 1400-1500 сомдон сатылып жатканын, баасы көтөрүлбөгөнүн билдирди.
Белгиленгендей, КР Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын республика боюнча 30 фабрикасы бар. Казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50% Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатканы маалым болду.